VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи башталды

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 19:20
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи башталды
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи аскердик парад менен башталды.

Салтанаттуу аземге коомдук ишмерлер, чет өлкөлөрдөн келген коноктор, спортчулар, маданият өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүп, жалпы жети күнгө созулду. Оюндун салтанаттуу ачылуу аземи 31-августта борбор калаадагы “Бишкек Арена” стадионунда өтүп, андан кийинки негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда уюштурулду.

Маалымдалгандай, быйылкы оюндарга дүйнөнүн 109 мамлекетинен өкүлдөр катышты. Мелдештерге 3 миңден ашуун спортчу тартылып, спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилди.

Көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, этномаданият, илим тармагын камтыган кеңири программада өттү.

Негизги иш-чаралар Ысык-Көл облусундагы сегиз локацияда өткөрүлдү. Алардын катарында Чолпон-Атадагы ипподром жана Көк бөрү аренасы, “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борбору, “Рух Ордо” маданий борбору, “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык борбору, Кырчын жайлоосу, Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору жана “Евразия” эс алуу борбору бар.

Оюндарды дүйнөгө таанытууда эл аралык медиа өкүлдөрү да активдүү иш алып барышты. Аларды чагылдырууга 500дөн ашык журналист, блогер, медиа өнөктөш жана телеканал өкүлү тартылып, алардын 250сү чет өлкөлүк журналисттер экендиги маалымдалган.

Ошентип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда улуттук спортту, көчмөндөрдүн тарыхый-маданий мурасын жана салттуу билимдерди дүйнөлүк деңгээлде жайылткан ири эл аралык иш-чара катары жыйынтыкталууда.

Эскерте кетсек, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстандын Казань шаарында өтмөкчү.