Көчмөндөр оюндары: Кырчынга бир күндө 200 миңден ашык адам келди

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 16:00
c97d5d81-ccc6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
435d66be-35a1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
0dbb4ffa-ecb5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
d853b735-63cc-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e2617fff-59f1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a3f8c7f3-c4d9-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
c97d5d81-ccc6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
435d66be-35a1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
0dbb4ffa-ecb5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
d853b735-63cc-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e2617fff-59f1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a3f8c7f3-c4d9-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Ысык-Көл, 03.09.26. /Кабар. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан мелдештерге келген көрүүчүлөрдүн саны 1 күндө 200 миң адамдан ашты. Бул тууралуу медиа штабдан билдиришти.

Уюштуруу жана транспорт чаралары:

  • Чолпон-Ата шаарынын тургундары жана коноктору үчүн Кырчын жайлоосуна чейин акысыз каттамдагы автобустар уюштурулган.
  • 2-сентябрда келип-кетүүчүлөрдүн саны көп болгондугуна байланыштуу каттамдарга кошумча автобустар чыгарылган.
  • Учурда жарандарды Кырчын жайлоосуна жеткирүү жана кайра шаарга алып келүү үчүн транспорт жетишсиздиги катталган жок.

Оюндардын негизги маалыматтары:

  • Өткөрүлүүчү мөөнөтү: 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин.
  • Ачылыш аземи: 31-августта Бишкек шаарындагы "Бишкек Аренада" өткөн.
  • Мелдеш күндөрү: 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ыссык-Көл облусунда уланууда.
  • Катышуучулар: Дүйнөнүн 109 өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчу катышууда.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.