VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги мелдештер кайда өтүп, конокторду эмне күтөт?

Көчмөндөр оюндары-2026 Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 17:45
4A9DF9D7-DDD0-45E0-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына саналуу күндөр калды. Кыргызстан быйыл дүйнөнүн төрт тарабынан миңдеген спортчуларды, конокторду жана ондогон өлкөлөрдүн расмий делегацияларын кабыл алууга даярданууда. Оюндардар менен удаа Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп, өлкөгө биринчи жолу бир учурда 21 мамлекеттин жетекчиси келет. Учурда оюндар өтө турган бардык жайларда акыркы даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

Оюндардын расмий ачылышы Бишкекте өтүп, негизги спорттук мелдештер менен маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уюштурулат.

3 миңге жакын спортчу келип, 43 спорт түрү боюнча таймашат

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков "Көчмөндөр оюндарына" бардык багытта даярдыктар жүрүп жаткандыгын билдирди.

“Спортчулардын даярдыгынан баштап, калыстар тобу, чет өлкөлөрдөн келе турган катышуучулардын логистикасы, тамак-ашы, жатаканасы боюнча бардык иштер жүргүзүлүп жатат. Биздин курама командалардын формаларын тигүү да аяктап калды. Параддык форманы Bayra компаниясы, ал эми спорттук форманы Joma фирмасы даярдап жатат. Мындан тышкары, курулуш жана инфраструктуралык иштер да график боюнча уланууда”, – деди ал.

Анын айтымында, оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн саны да жогору.

“Бүгүнкү күнгө чейин 100дөн ашуун мамлекет аккредитациядан өттү. Жалпы 3 миңге жакын спортчунун катышары күтүлүүдө. Ал эми оюндар спорттун 43 түрү боюнча өтөт. Өзүбүздүн курама командаларды тандоо иши 99 пайызга аяктады. Бир гана жорго салыш боюнча акыркы тандоо калды. Акыркы этаптагы тандоо жакынкы күндөрү жыйынтыкталат”, – деп белгиледи Өмүрбеков.

Негизги мелдештер кайда өтөт?

Анын айтымында спорттук мелдештер 1-сентябрдан тарта бир нече локацияда башталат.

“Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда аламан байге, кунан чабыш, жорго салыш жана кыска аралыктагы ат чабыштар уюштурулат. Көк бөрү оюну үчүн өзүнчө 10 миң орундуу стадион курулуп жатат. Ал жерде көк бөрү, көк пар, тыйын эңмей жана эр эңиш боюнча мелдештер өтөт. Мындан сырткары жигитовка сыяктуу көргөзмө оюндар да көрсөтүлөт.
Кырчында ат үстүндө жана жерден жаа атуу, бүркүт салуу, куш салуу, тайган агытуу сыяктуу салбуурун оюндарынын бардык түрлөрү өтөт. Ошондой эле чет өлкөлөрдүн улуттук спорттору да көрсөтүлөт. Япониянын сумосу, Кореянын салттуу күрөшү жана башка оюндар болот. Бизде жаңы негизделген “Алп таймаш” деген мелдештин түрү бар. Анда Кожомкул балбандын күчүн эске салган жети көнүгүү аткарылат. Спортчулар таш, жылкы же төө сыяктуу оор нерселерди көтөрүү боюнча таймашат. Бул оюнда адамдын күчү менен чыдамкайлыгы сыналат.
Кырчын жайлоосунда ошондой эле 15ке жакын көргөзмө оюн уюштурулуп, араб өлкөлөрүнүн куш салуу өнөрү, кытай күрөшү, Бразилиянын грэпплинги жана башка эл аралык спорт түрлөрү көрсөтүлөт”, - деди дирекция башчысы.

Өмүрбеков белгилегендей, “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда күрөштүн дээрлик бардык түрлөрү боюнча мелдештер өтсө, “Евразия” пансионатында тогуз коргоол, овари жана мангала сыяктуу интеллектуалдык оюндар уюштурулат. Мелдештер негизинен 6-сентябрь күнү жыйынтыкталат.

Оюндардын маданий бөлүгү өтүүчү жайлар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбейт. Долбоордун маданий программасынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов билдиргендей, оюндардын алкагында жүздөгөн иш-чаралар уюштурулат.

Анын айтымында, эң алгач борбор калаадагы “Бишкек Аренада” ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы бирдиктүү чоң маданий программа менен өтөт. Жалпысынан Ысык-Көл облусунда 800дөн ашуун маданий иш-чара пландалган.

“Маданий иш-чаралар бир нече локацияда өтүп, ар бири өзүнүн өзгөчө багыты менен айырмаланат.
Экинчи чоң аянтча – Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору. Бул жерде айкелчилердин эмгектери, сүрөтчүлөрдүн май боёк менен тартылган чыгармалары, таш скульптуралар жана илимий иш-чаралар уюштурулат. 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин жалпысынан 78 иш-чара өткөрүлөт.
Мындан сырткары, Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде “Көчмөндөр санаты” аталышындагы эл аралык фестиваль өтүп, анын ичинде тогуз өзүнчө аянтча иштейт. Ал жерде эл аралык айтуучулук өнөр, аспапчылык, салттуу музыка жана башка чыгармачылык багыттар боюнча фестивалдар өтөт. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген өнөр адамдары өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Ошондой эле 1–4-сентябрь күндөрү Чолпон-Атадагы ат майданда “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу масштабдуу маданий программа сунушталат.
Ал эми “Дордой-Номад” комплексинде эл аралык “Nomad Fest” фестивалы өтөт. Бул жерде төрт негизги багыт боюнча сынактар уюштурулат. Дүйнөлүк кол өнөрчүлөрдүн сынагы, этномода фестивалы, бий сынагы жана “Көчмөндөр жылдыздары” аттуу эл аралык долбоор. Комплекстин ичинде жети өзүнчө аймак даярдалууда”, – деди ал.

Максүтовдун айтымында, Кырчын жайлоосунда курулуп жаткан “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы оюндардын эң кызыктуу жайларынын бири болот.

“Этношаарчада кыркка жакын өзүнчө зона уюштурулат. Алардын ичинде этнобазарлар, фудзоналар, спорттук аянтчалар жана эс алуу жайлары бар. Коноктор үчүн ат оюндары менен коштолгон театралдаштырылган көрсөтүүлөр даярдалууда”, – деди Максүтов.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө тааныткан ири эл аралык аянтча болот.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы Кыргызстанда негизделген. Андан кийин 2016 жана 2018-жылдары да өлкөдө өткөрүлгөн. 2022-жылы оюндарды Түркиянын Изник шаары, ал эми 2024-жылы Казакстандын Астана шаары кабыл алган. Быйыл эстафета кайрадан Кыргызстанга кайтып келди.