Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, өлкөнүн маданий мурасын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө тааныткан ири эл аралык долбоор болот. Оюндардын алкагында чет өлкөлүк жана жергиликтүү коноктор үчүн атайын туристтик маршруттар уюштурулуп, алар кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, кол өнөрчүлүгү, улуттук ашканасы жана көчмөндөрдүн жашоо образы менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын штабынын өндүрүш иштери боюнча директору Улан Адамалиев оюндардын негизги локациялар жана андагы пландалган даярдык иштери тууралуу айтып берет.
Ачылыш Бишкекте өтөт
Масштабдуу иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи Бишкектеги жаңы курулуп жаткан “Бишкек Арена” стадионунда өткөрүлөт. Бул күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен бирге 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап аренанын да расмий ачылышы болот. Учурда стадиондун курулушу соңку баскычка жетти.


Андан кийин катышуучулар жана расмий делегациялар негизги спорттук жана маданий иш-чаралар өтө турган Ысык-Көл облусуна жөнөшөт. Мелдештер 1–6-сентябрь күндөрү өтүп, жабылыш аземи Чолпон-Ата шаарында уюштурулат.
Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы
Оюндардын негизги локацияларынын бири болгон Кырчын жайлоосунда учурда “Көчмөндөр ааламы” этно-маданий шаарчасы курулуп жатат.
Бул жерде эки этношаарча жайгашат. Биринде көчмөн элдердин улуттук тамак-аштары сунушталса, экинчисинде кол өнөрчүлөрдүн буюмдары жана улуттук сувенирлер сатылат. Эки аймак тең чеп менен курчалып, жеңил конструкциядагы 21 үй курулууда.


Ошондой эле интерактивдүү оюндар үчүн өзүнчө аянтча, улуттук оюндарды өткөрүүчү кичи стадион жана башкы трибуна салынууда. Коноктор үчүн ат оюндары менен коштолгон театралдаштырылган көрсөтүүлөр уюштурулуп, этношаарча интерактивдүү декорациялар менен жасалгаланат.
Мындан сырткары ар бир облуска жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү 500 боз үй тигилип, чет өлкөлүк коноктордун чатырларын орнотуу үчүн атайын аянттар бөлүнөт. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Ошондой эле ар бир облустун өзүнө тиешелүү дарбазалары жасалып жатат.
Көчмөндөр цивилизациясы борборунда көргөзмөлөр уюштурулат
Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда маданий программалар өтөт.


Бул жерде кумдан жасалган айкелдердин көргөзмөсү, таш композициялары, сүрөтчүлөрдүн галереясы уюштурулуп, искусство тармагына арналган эл аралык фестивалдар өткөрүлөт.
Негизинен ар бир локацияда кошумча сахналар жасалып, заманбап LED-экрандар менен жабдылат. Жабдуулар бул борборго да жасалат.
“Рух Ордодо” фестивалдар өтөт
Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде маданий фестивалдар уюштурулат.


Бул үчүн кошумча концерттик сахналар орнотулуп, этно-базар жана улуттук тамак-аш сунушталган атайын зоналар түзүлөт. Аталган зоналарды тейлөөгө Кыргызстандын белгилүү ресторандары тартылып, алардын брендделген павильондору жайгаштырылат.
Ат майданында 10 миң кишилик мобилдүү стадион курулууда
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында дагы масштабдуу даярдык жүрүүдө.
Бул жерде көк бөрү боюнча мелдештер үчүн 10 миң орундуу мобилдүү стадион курулуп жатат. Анын өзгөчөлүгү – зарыл болгон учурда башка жерге көчүрүп орнотууга мүмкүнчүлүк берген конструкциясында.


Ошондой эле ат майданында чоң сахна, этно-базар жана улуттук тамак-аш сунушталган аймактар уюштурулат.
“Дордой-Номадда” көчмөндөр менен заманбап искусство айкалышат
Бостери айылындагы “Дордой-Номад” этно-комплексинде көчмөндөрдүн жана заманбап искусство айкалышкан маданий иш-чаралар өтөт.


Анын алкагында жаңы концерттик сахна курулуп, коноктор үчүн тамак-аш аймагы жана этно-базар уюштурулат.