Бишкек 18.06.2025 /Кабар/. Вьетнам бизди бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан ар кандай өзгөчөлүктөрү менен аң-таң кылып, ошол эле маалда жагымдуу сезимдерди калтырды. Бул өлкөдө өткөн чак менен келечек, жакырчылык менен байлык, баш аламандык менен тынчтык деген карама-каршылыктар параллелдүү жашап жаткандай сезилди.
Өлкөдө коммунисттик түзүлүштүн дагы деле сакталып калганы - көчөлөрдөгү жазуулардан, архитектуралык имараттардан жана элдин жүрүм-турумунан байкалып турду. Чөнтөгүндө болгону бир айга деген 300 доллары, ал эми айланасы бийик имараттар менен курчалып турса дагы, дүйнөгө жылмаюу менен кароону вьетнамдыктар унутушпайт экен.

Ханой – Вьетнамдын жүрөгү
Биздин Вьетнамдагы саякатыбыз - миң жылдык тарыхы бар, бир эле учурда бир нече доордо жашаган борбор калаа Ханойдон башталды. Көчөлөрүндө сейилдеп жүрүп өзүбүздү киногудай сезип жаттык. Себеби, бир жеринде колониалдык француз архитектурасы жайгашса, экинчи жеринде – буддисттик ибадаткана, шаңдуу базар же желим столдор коюлган кичинекей кафе жайгашкан экен.

Кайсы жерде жүргөнүңдү түшүнбөй кетесиң. Өзүбүздү Кытайда, Францияда жана да Вьетнамда, айтор ушу өлкөлөрдүн ичинде жүргөндөй сезип жаттык. Шаар ызы-чуу болгону менен жандуу. Жада калса нымдуу чөп менен татымалдар жыттанган абасы дагы өзгөчө.
Батирге жетүү үчүн 50 жыл
Бизди жөнөкөй элдин жашоо деңгээли таң калтырды. Орточо айлык 250–300 доллардын тегерегинде экен. Аларда бул каражат менен саякаттамак тургай, үй сатып алуу маселеси кыял бойдон кала турган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жөнөкөй эки бөлмөлүү батирге жетүү үчүн кеминде 50 жыл эмгектенүүгө туура келет экен.

Ошентсе да Вьетнамдыктардын жүздөрүнөн күлкү кетпейт. Биз буга таң калганыбыз менен өздөрү буга кайыл экени көрүнүп турду. Көчөдө тамактанып, Буддага сыйынышып, нааразы болушканын дегеле көрсөтүшкөн жок.
Бул өлкөдө мышыктар жокко эсе
Саякат убагында мышык көргөн жокпуз. Жеке мен бир да мышык көргөн жокмун. Гиддин түшүндүрүүсү боюнча Вьетнамда мышык кедейликти чакырат деген ишеним бар. Мышыктын мыёологону жаман жышаан болуп саналат экен.

Ал эми иттер – тескерисинче, байлык менен молчулуктун символу. Иттин үргөнү байлык алып келет дешет. Чын төгүнү белгисиз, бирок иттер чын эле көп экен.
Абанын ысыгы мончо менен барабар
Вьетнамдын ысыгы жөн эле ысык эмес, оттун жалыны ургандай туюлат экен. Температура 50 градуска чейин көтөрүлүп, абанын нымдуулугу өтө жогору. Биздин терибиз шорголоп куюлуп жатты. Түрк хамамына түшүп калгандай, ал жерден сыртка чыга албачудай сезим болду.

Өзгөчөлөнгөн Вьетнам ашканасы
Вьетнам ашканасы – өзүнчө бир окуя. Аны башкалар менен чаташтыруу мүмкүн эмес. Тамактын бардык түрү көчөдө даярдалып, гигиена тууралуу кеп да жок экен. Идиш-аяк көчөдө эле желим тамактарда жуулуп жатканын көрдүк. Ошол эле маалда ананас кошулган күрүч, ачуу шорполор, деңиз азыктарынын жыпар жыттары жыттанып жатты. Жаңы кармалып келинген креветка, кальмар, крабдар...
Бирок булар биз үчүн эмес экендигин түшүндүк. Кыргызстандык турист болгонум үчүн жеке менин ашказаным мындай тамактарга көнгөн эмес экен. Андыктан, бул даамдардын баарын татып көрө алган жокмун. Ал эми жергиликтүү калк үчүн – бул кадимки даамдуу тамактар болгондугу үчүн, алар баарын табит менен жешет экен.

Театрды элестеткен түнкү базар
Биз үчүн эң кызыктуу жерлердин бири – түнкү базар же "эски шаар" болду. Ал жөн гана соода аянчасы эмес, ачык асман алдындагы театрдай сезилди. Сатуучулар бааны айтып кыйкырып, туристтер соодалашып, көчө музыканттары ойноп, жаркыраган шамдар жана тамак-аштын, ичимдиктердин, мөмө-жемиштердин жыттары баш айлантып жатты. Бул жактан арзан ромдон баштаган, ажыдаар түшүрүлгөн байпакка чейин баарын табууга болот экен. Жада калса, баягы атактуу крокстар дагы ошол жакта экен. Вьетнамда аны ар бир экинчи киши кийет экендигин көрдүк. Биз да кыя өтпөй өзүбүзгө сатып алдык.

Таштанды пейзаждын бир бөлүгү катарында
Өлкөдөгү кооз сүрөттүн артында тилекке каршы таштанды маселеси турат экен. Таштанды өтө көп. Аны урнага эмес, каалаган жерге таштап басып кеткен кадимки көрүнүш экен. Мүмкүн бул маданияттын жетишсиздигиби же балким инфраструктуранын начардыгыбы - белгисиз.

Мопеддер – логикалуу баш аламандык
Адам санынан дагы мопеддер көп. Тротуарда, базарда, бурчта, кафенин жанында – жердин баары мопед экен. Ар бир экинчи киши – айдоочу. Баары тең бир долларга жеткирип койгонго макул. Башында коркконубуз менен биз да мопедге отуруп көрдүк. Өкүнгөн жокпуз. Жол кырсыгы дээрлик жок. Себеби алар унааны жапырт жай айдашат экен.

Бул саякаттан эмнени үйрөндүк?
Вьетнам биз көргөн башка өлкөлөргө окшогон жок. Өзүнчө бир таасир калтырды. Тамактары биз үчүн оор экен. Аба ырайы өтө ысык, тазалыгына көңүлүбүз тойгон жок. Бирок бул болгону сырттан караган көз караш. Башкысы биз - башкалар кандай жашайт экендигин көрдүк. Бул эл аз нерсеге канаат кылып жашаганды билет экен. Мопеддердин ызы-чуусуна, ысык шамалга, жакырчылыкка нааразы болбостон, Буддага болгон бекем ишеним менен жөн гана жашашат экен.
Биз үчүн бул жөн гана саякат эмес, жашоо канча бир чарчы метр жерде эмес, евронун өлчөмүндө эмес, идеалдуу жолдордо да эмес экендигин эскертти. Жашоо – жылмая билген адамдыкы экендигин вьетнамдыктар жакшы билишет экен.