Бишкек, 2.09.25 /Кабар/. Вьетнам өлкөсү колониалдык үстөмдүктөн бошоп, көз карандысыздыгын жарыяланган күндүн 80 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Коммерсант жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Ханой шаарында акыркы он жылдагы эң ири аскердик парад өттү. Майрамдын урматына өлкөнүн өкмөтү ар бир жаранга 100 миң донгдон (3,8 доллар) төлөп берди жана 13,9 миңден ашык камактагыларды бошотту.
Ошондой эле парад учурунда заманбап танкалар, ракеталар, тик учактар жана реактивдүү истребителдер көрсөтүлдү. Колонна менен миңдеген вьетнамдык жана Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдүн аскерлери басышып, өлкөнүн флоту Камрань булуңунан бир катарга тизилип өттү.
Вьетнам Коммунисттик партиясынын башчысы То Лама параддын ачылышында “Биз өз эгемендүүлүгүбүздү, эркиндигибизди, суверенитетти жана жерибиздин ар бир ыйык бөлүгүн коргоо аракетинен эч качан тайбайбыз”,-деп билдирди.
Белгилей кетсек, 1945-жылдын 2-сентябрда Вьетнамдын улуттук лидери Хо Ши Мин тарыхый көз карандысыздык декларациясын жарыялаган. Ал Август революциясынын жеңиши, Япониянын баскынчылыгынан жана дээрлик жүз жылга созулган Франциянын колониялык үстөмдүгүнөн бошонуу, ошондой эле демократиялык республиканы түзүү жөнүндө болгон.