Ветеринария кызматына 40 унаанын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 15 Апрель 2025 13:03
67fe02587b979-thumb.jpeg
67fe01ff12a7d-thumb.jpeg
67fe023c708b0-thumb.jpeg
67fe0229d8310-thumb.jpeg
67fe0256a1d66-thumb.jpeg
67fe0257ca6c1-thumb.jpeg
67fe0258b0e93-thumb.jpeg
67fe02587b979-thumb.jpeg
67fe025653b01-thumb.jpeg
67fe025703d5e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67fe02587b979-thumb.jpeg
67fe01ff12a7d-thumb.jpeg
67fe023c708b0-thumb.jpeg
67fe0229d8310-thumb.jpeg
67fe0256a1d66-thumb.jpeg
67fe0257ca6c1-thumb.jpeg
67fe0258b0e93-thumb.jpeg
67fe02587b979-thumb.jpeg
67fe025653b01-thumb.jpeg
67fe025703d5e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук башкармалыктарына “LADA Нива Люкс” жана “LADA Нива Урбан” үлгүсүндөгү унаалардын ачкычын тапшыруу аземине катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекет башчысынын демилгеси менен 2024-жылы ирригацияга 1 млрд сомго 112 атайын суу чарба техникаларын жана 83 млн сомго райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине 48 кызматтык унаа тапшырылганын айтып, быйыл суу чарбага 400дөн кем эмес атайын техника тапшырылаарын билдирди.  

“Адамзаттын ден соолугун сактоодо ветеринарлардын ролу абдан чоң. Малдан адамга оору жуктурбоонун алдын алуу үчүн биздин ветеринарларга шарт түзүү максатында мамлекет башчыбыздын демилгеси менен райондук ветеринардык башкармалыктарына 40 унаа тапшырып жатабыз. Себеби, алыскы жайыттарга атайын дарылоо жана эмдөө иштерин өз убагында өткөрүү үчүн ветеринарларга шарт түзүү зарыл. Биз ветеринария тармагына, жалпы эле айыл чарбага жаңы инновациялар, биотехнологиялар жана жасалма интеллект сыяктуу технологияларды киргизүүнүн, ошондой эле адамдардын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилейбиз”, - деди Адылбек Касымалиев. 

Белгилей кетсек, тапшырылган 40 даана унаа Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын өлкөнүн 40 районундагы башкармалыктарына жеткирилет. Сатып алынган унаалардын жалпы суммасы 43 млн 600 миң сомду түзөт. 

Ошондой эле, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев сөзүн жыйынтыктап жатып, айыл чарба тармагында жаңы багыттагы долбоорлор кабыл алынып ишке ашырылып жатышы менен айыл чарбадагы өсүш былтыркыдан быйыл кем болбошу керектигин билдирди.