Ысык-Көл, 30.08.26. /Кабар/. Көчмөндөр оюндары — Кыргызстанды башка өлкөлөрдөн айырмалап турган жана өлкөгө болгон кызыгууну арттырган өзгөчөлүктөрдүн бири. Бул тууралуу БелТАнын башкы директорунун биринчи орун басары Василий Матвеев “Кабар” агенттигине билдирди.
Ага Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы, улуу тоолор жана жайлоонун фонундагы көчмөн шаарча өзгөчө таасир калтырды.
“Бул жердеги боз үйлөр, этностилдеги чыгыш базары бар байыркы шаарчанын кайра жаралышын элестетти. Мунун баары адамдын көңүлүн буруп, кызыктырбай койбойт. Оюндар али баштала элек болсо да, алардын өзгөчө атмосферасы азыртадан эле сезилип турат.
Мен бул жердеги оюндар абдан кызыктуу өтөт деп ишенем. Келген көрүүчүлөр, чакырылган коноктор жана башкалар бул жерден көргөндөрүнөн чоң таасир алышат деп ойлойм. Анткени бул жердеги даярдык чыгармачылык менен, кеңири масштабда жана абдан мыкты уюштурулган.
Ошондой эле туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз кылсак, Ысык-Көлдө өткөн суу үстүндөгү “Формула-1” мелдеши, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар Кыргызстанды тааныткан, туристтерди өлкөгө тарткан маанилүү долбоорлор болуп саналат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Матвеев.