Вашингтондо кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Министрлер кабинети Загрузка... 29 Июль 2025 12:42
25489_1753766581_lg.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Американын Вашингтон шаарында болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эл аралык санкцияларды сактоо маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандын жарандарына карата миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелер сүйлөшүлдү.