Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Улуттук банк валюталык рыноктун катышуучуларына карата өлкөнүн мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн чара көрдү.
Башкы каржы жөнгө салуучунун маалыматына караганда, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусундагы бир акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда тиешелүү лицензиясы жок накталай чет элдик валютаны алмаштырган жаранга 17,5 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын колдонуу мөөнөтү убактылуу токтотулду:
- "Про мани" акча алмаштыруучу жайы (Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86а) — 2026-жылдын 25-июлунан 27-июлуна чейин;
- "Лидер 07" акча алмаштыруучу жайы (Талас облусу, Манас району, Май айылынын аймагы, №34 контур, "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинин жанында) — 2026-жылдын 24-июлунан 7-августуна чейин.