V Элдик курултай өлкө үчүн өзгөчө маанилүү мезгилде өтөт – эксперт

Пикир 4 сентябрь 2026 17:00
V Элдик курултай өлкө үчүн өзгөчө маанилүү мезгилде өтөт – эксперт
copyright icon WWW

Бишкек, 04.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ири саясий иш-чараны үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында өткөрүү белгиленди. Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде курултайда ички саясий күн тартибиндеги кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн экенин жана бийлик менен элдин ортосунда ачык пикир алышуу өлкө үчүн эмне себептен маанилүү экенин айтып берди.

"Элдик курултай президент менен карапайым жарандардын ортосунда түз диалог жүргүзүүнүн натыйжалуу куралы катары калыптанып, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Өлкөбүздүн Конституциясында эл эгемендүүлүктүн ээси жана Кыргызстандагы бийликтин бирден-бир булагы экени бекитилген. Шайлоолордо добуш берүү укугуна ээ болгон өлкө жарандары президентти жана депутаттарды шайлашат", - деди ал.

Ошондой эле эксперт бул системада дагы бир абдан маанилүү институт — курултай пайда болгонун кошумчалады. Ал аркылуу өлкөнүн бардык аймактарынан келген шайлоочулардын өкүлдөрү менен жогорку мамлекеттик бийликтин ортосунда түз диалог жүргүзүлөт.

"Курултайдын иштөө механизми дайыма өркүндөтүлүп келет. Кээде делегаттар бир эле суроолорду кайра-кайра бериши мүмкүн. Бирок дал ушундай учурлар өзгөчө көңүл бурууну талап кылган көйгөйлүү багыттарды аныктоого, жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги кемчиликтерди жоюуга, зарыл болгон учурда кадрдык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет", - деди ал.

Анын белгилешинче, 18-декабрда өтө турган V Элдик курултай Кыргызстандын саясий турмушу үчүн өзгөчө маанилүү, бурулуш мезгилге туш келет.

"Учурда өлкөдө түзүмдүк реформалар жүрүп, мамлекеттик башкаруунун вертикалы кайра түзүлүп, бекемделүүдө. Кыргызстанда президент аткаруу бийлигинин башчысы да болуп саналарын эске сала кетейин. Эл жергиликтүү маанидеги көйгөйлөр кандай чечилип жатканына гана эмес, ички саясатка байланыштуу маселелерге да кызыгары шексиз. Албетте, алдыдагы пландар жана долбоорлор тууралуу да сөз болот. Мындай ачык сүйлөшүү жана пикир алмашуу сөзсүз керек. Бийлик менен жарандар бир багытта болуп, бири-бири менен түздөн-түз, ортомчуларсыз баарлашуусу зарыл. Курултай дал ушундай мүмкүнчүлүк берет", — деди Шерадил Бактыгулов.