"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынды

Коом 21 май 2025 12:04
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынды

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады. Анда ал министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу, анын идеологиясын жана финансылык-материалдык негиздерин, андан ары натыйжалуу ажыратуу боюнча ички саясий курсунун чараларын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыкканын белгиледи.

Андан тышкары, "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.