Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору үчүн 49 түрдүү заманбап жабдуулар алып келинет - министр

Ден соолук Загрузка... 03 Июль 2025 16:14
WhatsApp_Image_2025_qj5pfL0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Кыргызстандагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору үчүн 49 түрдүү заманбап жабдуулар алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар жакында ратификацияланган Дүйнөлүк банк менен келишимдин негизинде жана алгачкы медициналык-санитардык жардамды колдоонун алкагында келмекчи.

“Мурда биз кадимки УДИ жабдууларын сатып алган болсок, азыр санарипке өтүшүбүз керек. Учурда мобилдик жабдуулар пайда болууда. Заманбап жабдууларга болгон муктаждык жогору бойдон калууда”,-деп белгиледи ал.