Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарат

16 февраль 2026 12:08
Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарат

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Шамырканов Урматбек Муслинович өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Шамырканов Урматбек Муслиновичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.