Улуу Жибек жолунун боюндагы тоолуу Ганьнань туристтерди эмнеси менен кызыктырат?

Дүйнө 2764 13 Июль 2026 23:50
MW4A6870.jpeg
MW4A6886.jpeg
MW4A6908.jpeg
IMG_4585.jpeg
MW4A6920.jpeg
MW4A6927.jpeg
MW4A6929.jpeg
MW4A6957.jpeg
MW4A6966.jpeg
MW4A6977.jpeg
MW4A6980.jpeg
IMG_4605.jpeg
MW4A6983.jpeg
MW4A6988.jpeg
MW4A6996.jpeg
IMG_4606.jpeg
MW4A7005.jpeg
MW4A7010.jpeg
IMG_4607.jpeg
IMG_4609.jpeg
IMG_4612.jpeg
IMG_4613.jpeg
MW4A7151.jpeg
MW4A7192.jpeg
MW4A7201.jpeg
IMG_4623.jpeg
MW4A7210.jpeg
MW4A7224.jpeg
IMG_4629.jpeg
MW4A7249.jpeg
MW4A7273.jpeg
MW4A7307.jpeg
MW4A7340.jpeg
MW4A7367.jpeg
MW4A7551.jpeg
IMG_4639.jpeg
MW4A7252.jpeg
IMG_4608.jpeg
c17d49d1-611c-4303-8da8-058bcebc833d.jpeg
Алдыга
Артка
MW4A6870.jpeg
MW4A6886.jpeg
MW4A6908.jpeg
IMG_4585.jpeg
MW4A6920.jpeg
MW4A6927.jpeg
MW4A6929.jpeg
MW4A6957.jpeg
MW4A6966.jpeg
MW4A6977.jpeg
MW4A6980.jpeg
IMG_4605.jpeg
MW4A6983.jpeg
MW4A6988.jpeg
MW4A6996.jpeg
IMG_4606.jpeg
MW4A7005.jpeg
MW4A7010.jpeg
IMG_4607.jpeg
IMG_4609.jpeg
IMG_4612.jpeg
IMG_4613.jpeg
MW4A7151.jpeg
MW4A7192.jpeg
MW4A7201.jpeg
IMG_4623.jpeg
MW4A7210.jpeg
MW4A7224.jpeg
IMG_4629.jpeg
MW4A7249.jpeg
MW4A7273.jpeg
MW4A7307.jpeg
MW4A7340.jpeg
MW4A7367.jpeg
MW4A7551.jpeg
IMG_4639.jpeg
MW4A7252.jpeg
IMG_4608.jpeg
c17d49d1-611c-4303-8da8-058bcebc833d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Кытай, Ганьнань. 13.07.26. /Кабар/. Кытайдын Ганьсу провинциясынын түштүгүндө тоолуу аймак катары таанылган Ганьнань-Тибет автономдуу округу жайгашкан.

MW4A6908.jpeg

Аталган аймак өзгөчөлөнгөн маданияты жана экотуризми менен туристтерди өзүнө тартат.

MW4A7307.jpeg

Бул жолу дал ушул аймакка дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн, анын ичинде Франция, Австралия, Канада, Испания, Мексика, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген журналисттер, медиа өкүлдөрү жана сүрөтчүлөр чогулушту.

c17d49d1-611c-4303-8da8-058bcebc833d.jpeg

Аталган эл аралык пресс-турга Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти дагы катышууда.

Пресс-тур 12-июлдан 17-июлга чейин "Ыйык Ганьнань: жан дүйнө саякаты" аттуу экинчи глобалдык медиа-кампаниянын алкагында уюштурулду.

MW4A6988.jpeg

Иш-чаранын алгачкы күнүндө медиа өкүлдөрүнө Ганьнань-Тибет округунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

MW4A6966.jpeg

Иш-чара округдун жетекчилеринин презентациялары, округ тууралуу проморолик жана концерт менен коштолду.

MW4A7551.jpeg

Аталган округ жайгашкан Ганьсу провинциясы Кытайдын түндүк-батышында орун алган жана дал ушул аймак аркылуу атактуу Улуу Жибек жолу өткөн.

MW4A7192.jpeg

Бүткүл регионду бойлой узундугу дээрлик 1000 чакырымга созулган кууш тилке - Ганьсу же Хэси коридору катары белгилүү. Бул коридор өтө маанилүү көпүрө болгон жана Кытайдын борбордук аймактарын Борбор Азия жана Европа менен байланыштырган.

IMG_4585.jpeg

Ал эми Ганьнань тууралуу сөз кыла турган болсок, бул аймак кылымдар бою тибет, хань, хуэй, монгол жана башка этностордун өз ара жуурулушуусу калыптанган мекен катары өзгөчөлөнөт.

MW4A7224.jpeg

Тибет буддизми, көчмөн маданияты жана кытай цивилизациясынын салттары тоолуу аймакта айкалышып, өзгөчө тарыхый-маданий жүз пайда болгон. Бүгүнкү күндө бул мурас байыркы ибадатканалардан, эски кербен жолдорунун изинен, улуттук архитектурадан жана жергиликтүү калктын каада-салтынан даана көрүнүп турат.

IMG_4639.jpeg

Ганьнань-Тибет округундагы тоолор менен дарыялар, көз жоосун алган кең жайыттар жана жашыл токойлор, ошондой эле көчмөндөр жашоосу ички туристтердин жана чет өлкөлүк эс алуучулардын жылдан-жылга агылышына өбөлгө болууда.

MW4A7151.jpeg

Бул аймакка келген эс алуучулардын кызыгуусун жараткан дагы бир жай бул Лабран монастыры.

MW4A7307.jpeg

Ал аталган округдун Сяхэ уездинде жайгашкан жана 1710-жылы негизделген. Лабран тибет буддизминин Гелугпа мектебинин (Сары мектеп) алты эң ири монастырынын бири.

MW4A7340.jpeg

Ал улуттук туристтик аймак, улуттук маанидеги маданий мурас объектиси жана Дүйнөлүк Тибет университети, ошондой эле Амдо аймагынын маданий жана диний борбору катары таанылган.

MW4A7252.jpeg

Монастырдын эң таанымал символу - аны курчап турган 3,5 чакырым узундуктагы сыйынуучу добулбастар галереясы. Мында 2000ден ашык алтын жалатылган добулбастар орнотулган. Жергиликтүү тургундар күн сайын анын айланасында саат жебеси боюнча басып, сыйынышат.

IMG_4629.jpeg

Монастырда тибеттик кол жазмалардын, тханкалардын, Будданын айкелдеринин жана ритуалдык буюмдардын кеңири коллекциялары сакталып турат, бул Лабранды тибет маданиятынын баа жеткис кенчине айлантат.

IMG_4623.jpeg

Кытай жана тибет архитектурасын чагылдырган тибет стилиндеги имараттардын комплекси тоонун боорунан ылдый карай жайгашкан.

MW4A7201.jpeg

“Кабар” агенттиги бул жайларды өз окурмандарына сүрөттөр аркылуу баяндап берет.

Өз кезегинде журналисттердин Кытайдагы пресс-туру уланып жатат.