Экинчи дүйнөлүк согушта мекен үчүн, эл үчүн жан-алын аябай салгылашкандарды эскерүү өсүп келе жаткан муун үчүн абдан маанилүү. Согуштун отун кечип, аман кайтып келген согуштун ардагерлеринин бири Ош облусунун Өзгөн районунун Большевик айылынын тургуну Турат Полотов болгон. Аксакалдын көзү өтүп кетсе да, баласы Кубатбек Полотов анын татаал тагдырын, майтарылгыс эркин, эрдигин сыймыктана эскерет.

- Саламатсызбы? Алгач атаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Атам Турат Полотов Ош облусуна караштуу Өзгөн районун Большевик айылында 1922-жылы 8-мартта туулган. Атам төрөлгүчө эле атасы кулакка тартылып кетип, каза болуп калып, апасынын колунда чоңоёт. Атам өз атасын көргөн эмес. Согуштун адамы болгондуктан атам катаал киши эле. Бизди армиядагы солдаттардай эле тарбиялады десем болот. Ашыкча жакшы көрүп, көп эркелетчү да эмес. Абдан эмгекчил эле. Көзү өткүчө атамдын жөн отурганын көрбөдүк. 100гө чыгып каза болду. Карылыкка моюн бербей, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенип жашады. Бизди да ошондой кылып чоңойтту. Атамдын бир сөзү алигиче кулагыма жаңырып турат. “Жакшы өмүр сүргүң келеби, талыкпай эмгектен, изден!” деп көп айтчу.

- Согушка качан чакырылган, ошол күндөрдү атаңыз кантип эскерчү эле?
- Атам ошол учурдагы оор турмушту көргөн үчүн, бир аз түнт болчу. Көп нерсени айта берчү эмес. Кээде гана көңүлү ачылып, айтып берип калбаса, көп айткан жок. Азыр ойлонсом атам ошол оор турмушту көз алдына алып келгиси келбесе керек. Анткени, “Мен көргөн оор турмушту силер көрбөгүлө” деп көп айтаар эле. Ал 1942-жылы 18 жашында Өзгөн шаардык аскер комиссариатына армияга чакыртылган. Ал жерден атайын даярдоодон өтүп, Калилин фронтуна жиберилген. Атам эскерүүсүндө сыймыктануу менен ошол жерде легендарлуу казак аскер башчысы Бауржан Момышулы менен кызмат өтөгөнмүн деп калчу. Фронтко баргандан кийин көп өтпөй 1943-жылы пленге түшүп калат. Пленде 1945-жылга чейин болот. СССР жеңишке жеткенде пленде тургандар менен кошулуп Швейцария өлкөсүнө качып барышат. Анткени, ошол учурда Щвейцария нейтралдык өлкө болгон. Ошол мамлекет тууралуу көп айтып калчу. Европа өлкөлөрү ошол учурда эле жашоо жакшы болчу экен. Атам ал өлкөнүн турмушун мисал келтирип, иштеш керек, бир орунда турбаш керек деп бизди көп урушчу. Швейцария деле ушул Кыргызстандай тоолуу жер, болгону калкы абдан мээнеткеч болгондуктан жакшы жашашат дечү.

Бир жылдай ал өлкөдө болуп, кайрадан СССРге кайтып келет. 1946-жылы өлкөгө кайтып келген. Өлкөгө кайтып келгенден кийинки атамдын колхоздун айыл-чарбасына абдан чоң салым кошкон. Колхоздун айыл-чарбасынын түптөлүшүнө атамдын үзүрлүү эмгеги бар деп айта алам.
- Согуш сиздердин үй-бүлөңүздөргө кандай таасирин тийгизген? Эсиңизде барбы?
- Ал учурда согуш ар бир үй-бүлөгө эле таасирин тийгизген. Согуш маалындагы ар бир үй-бүлөнүн жашоосу трагедиялуу болгон. Алардын катарында биз да болгонбуз. Апасы, агасы, үчөө эптеп жан багып жашашкан. Согуш учурунда агасы экөө тең согушка чакырылган. Ал кезде бир да азамат үйдө апасын карап калат, же аялын карап калат деген түшүнүк жок эле. Тилекке каршы, агасы согушта курман болуп, кайтпай калат. Жалгыз энеге бул оор эле түйшүк да.

- Согуш тууралуу сиздерге эмнелерди айтып берчү эле?
- Ошондой оор турмуш болсо да эл кең пейил, меймандос болгонун көп эскерчү. Ошол мезгилдеги адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын, ынтымактыгын башкача сезимдер менен айтып берчү. Бир сындырым нанды да бөлүшүп жешчү экен. Эр азаматтары фронтко кеткен үй-бүлөлөр, бир туугандай болуп чогуу эле жашашыптыр. Тапкандарын тең бөлүшүп, бири-бирине көмөк көрсөтүшкөн. Фронттогу жашоо кандай болгону ар бирибизге эле белгилүү болсо керек. Ызгаар суукта, аптаптуу ысыкта калган күндөрүн көп айтат. Канча жолу ачка калышкан. Бир күнү абдан суук болуп, ачка калып, жегени эч нерсе таппай жатканда өнүп кеткен кеткен картошканы таап алып абдан сүйүнгөнбүз деп айтканы эсимде калыптыр. Биз чоңоюп балалуу болгон учурда, кеңири тамак-аш жеп калганда деле, атам түшүп калган нандын күкүмүн көрүп кейип ар бирин терип чыкчу. Анан силер ошол турмушту көргөн жоксуңар да, көргөнүңөрдө ар бир түшкөн ушак кандай баалуу экенин билмексиңер деп калчу.

- Эл баатыры болгонбу, кандай наамдары бар?
- Тилекке каршы, наам алган эмес. Атамдын эчкимге айтпай жүргөн өтө чоң сыры бар болчу экен. Аны бизге көзү өткүчө айткан жок. Атам каза болгондон кийин көп убакыттан кийин эл оозунан угуп калдык. Согуштан кийин айылыбыздагы колхоздо иштеп жүргөндө буудай чогултууда рекорддук көрсөткүчкө жетиптир. Ошол үчүн ага социалдык эмгектин баатыры деген наам берилмек экен. Бирок, өзүбүздүн эле айылыбыздын тургундары “бул пленге түшкөн” деп жалган-жалаа жабышып атама наам берилбей калган. Ошентсе да, атама кийинчерээк 1980-жылы “Эрдик үчүн” деген медаль ыйгарылган. Ошол медалын атам өзгөчө баалачу. Бул медаль согуш учурунда көп берилсе да, мааниси абдан терең деп эскерип калчу.