Улуу Жеңишке 80 жыл. Адамзаттын эсинде калган апаат кантип башталган?

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 10 Апрель 2025 14:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Кагылыштар жана кармаштар. ХХ кылым – бороондуу күндөрү жана адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй ачылыштарды жасап, жаңылыктарга жык толгону менен айрыкча, ХХ кылым элдин эси-көөнүнөн кеткис Экинчи Дүйнөлүк согушу менен элдин эсинде калды. Өткөндөн өрнөк алууну билбеген ач көздөрдөн айырмаланып, инсандык парасаты бийик, аң-сезимдүү, боорукерлик сапатты боюна сактагандар ар бир ирмемди жан дүйнөсүнөн өткөргөнү үчүн аалам аман калууда. Эмнеси болсо да жер бетине тынчтык деп коңгуроо какмай, ошол окуялардан тыянак чыгармай, өз өлкөмө керегим тийсе экен деген тилек менен күн кечирген ар бир жарандын башкы милдетине айланууга тийиш. Ушул себептен улам ХХ кылым ичиндеги тарыхтын эң бир каардуу барактарына баам салууну эп көрдүк. Саналуу күндөрдөн кийин Улуу Жеңишке 80 жыл толорун эске алып, “Кабар” агенттиги 1941-1945-жылдар арасындагы окуялардын айрым бирлерине кезек-кезеги менен кайрылып турат.

Адольф Гитлер Германияны кубаттуу мамлекетке айлантам, жер бетине үстөмдүк кылам деп Европанын бир катар мамлекеттерин басып алганына каниет кылбастан, 1940-жылы 18-декабрда Советтер Союзу менен тынчтык келишимге кол койгонун унутта калтырып, кол алдындагыларына “Барбаросса” операциясын иштеп чыкканын саймедиреди. “Барбаросса” аталган Аскер Директивасында Гитлер Советтер Союзунун аскер күчтөрүн толук талкалап, кыркынчы күн дегенде Москва, Ленинград өңдүү калааларды басып алууну максат кылган. Эч болбоду дегенде, 3-4 айда Москваны ээлеп алуу башкы максаты болчу.Бул кезде Советтер Союзунун миллиондогон калкы таңында ишке жөнөп, кечте үйлөрүнө шаңдуу кайтышчу. Келечекке болгон ишеним, үмүт зор эле.

Каргаша каалга какпай кирип келген күн 1941-жылдын 21-июнунан 22-июнуна караган түнү, таңкы саат төрттөр чамасында бүткүл элге бүлгүн салды. Германия Советтер Союзунун чек арасын бузуп, баскынчылык иш аракеттерди баштады. Алдыда арманга толгон төрт жылдык өмүр, тагыраагы, 1418 күн бар эле. Алдын ала катуу даярдыкта турган фашисттик армия Советтер Союзунун куралдуу күчтөрүндө ыйык милдетти өтөгөн жоокерлерди жок кылып, аман калганын туткунга алып, азапты салды. Лагерлерде миллиондогон аскерлер ачкадан, ар кандай илдеттен кыйрап жатты. Бул анык тозок эле.

Баскынчылар Советтер Союзунун курамына кирген Беларус, Украина, Молдавия, Латвия, Литва, Эстония өңдүү өлкөлөрдү аралап кирип, карапайым калктын башына кайгы-муңду салды. Воронеж, Курск, Мурманск, Псков, Тамбов, Тула, Ставрополь, Сталинград, Ленинград өңдүү ири шаарлардын күлүн көккө сапырып, мекемелерге, турак-жайларга асмандан бомба жаадырып, бейкүнөө тургундар набыт болду.

1941-жылдын 30-сентябрынан 1942-жылдын 20-апрелине чейин Москва үчүн айыгышкан салгылаш жүрдү. Москвага карай кеткен багытта душмандардын жолунан Батыш фронту, Брянск, Резервдик фронттордон 1 млн 250 миңдей аскерлери каршылык көрсөтүп тосуп чыкты.

Советтик Куралдуу күчтөрү кооптуу делген аймактарды катуу көзөмөлгө алып, аны чыңдай баштады. Советтик өлкөлөрдүн айрым калаалары өрткө оролуп, эчендеген жандар мерт кетип аткан кезде фашисттик баскынчыларга кайраты менен ички духунун бекемдигин далилдеш максатта, катарга тизилип мекенди коргойбуз деген Кызыл Армияга кубат болсун деп, Москвада Кызыл аянтта 1941-жылдын 7-ноябрында парад өткөрүлдү. Парад аркылуу Сталин жер бетиндеги бардык адамдарга Советтер Союзу озунуп кол салган фашисттик Германияга каршы акыр аягына чейин салгылашып, жер үстүнө тынчтыкты орнотобуз деп түшүндүрдү.