Ташкент, 10.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Быйыл түрк элдеринин классиги, өзбек тили жана адабиятынын негиздөөчүсү, улуу акын жана мамлекеттик ишмер Алишер Навоинин туулган күнүнүн 584 жылдыгы дүйнө коомчулугу тарабынан кенен майрамдалууда.
"Өзбекстан-Кыргызстан" достук коомунун төрагасы, өзбекстандык белгилүү манас изилдөөчүсү, жазуучу жана котормочу Зухритдин Исамутдинов "Кабар" агенттигине берген маегинде улуу ойчул Алишер Навоинин руханий мурасы тууралуу ой толгоолору менен бөлүштү.
Исамутдиновдун айтымында, ар бир калкты дүйнөгө тааныта турган кээ бир окуялар жана инсандар болот. Ар кайсы элдин өзүнө таандык жараткан нерселери болуп, алар аталган элди жалпы ааламга даңазалайт. Маселен, англичандар дегенде Шекспир ойго келгендей, орустар дегенде Пушкин, Толстой сыяктуу адамдар эске келет. Ар бир элде ошондой эле, туркий элдерде да ушундай атактуу адамдар бар. Маселен, кыргыздар дегенде көз алдыбызга Манас эпосу же болбосо Чыңгыз Айтматов, ал эми өзбектер дегенде эң оболу Алишер Навои көз алдыбызга келет.
Алишер Навои өзүнөн чон илимий жана адабий мурас калтырды. Аларды төрт топко бөлүүгө болот. Биринчиси, улуу акындын дивандары, экинчиси анын дастандары, үчүнчүсү перс тилинде жаратылган ырлары жана төртүнчүсү - ойчулдун адабий жана тарыхий чыгармалары", - дейт маектешибиз.
Окумуштуу Алишер Навоинин руханий мурасыныны маани-маңызын чечмелеп берди. Тактап айтканда, улуу акындын туу чыгармасы "Хамса" беш дастандан турат. Булар "Хайрат-ул аброр", "Фархад жана Ширин", "Лайли жана Мажнун", "Сабъаий сайёр" жана "Садди Искандарий" дастандары. "Бул чыгармалардын өзгөчөлүгү алардын перс тилиндеги поэзияга жооп катары өзбек тилинде жаратылганы болуп эсептелет", - дейт Исамутдинов.
Тарыхый маалыматтар Алишер Навои бардык туркий элдерде поэтикалык чыгармачылык жактан эң зор акын болуп эсептелерин айкындайт. Бул тууралуу өз доорунда, акын жана мамлекеттик ишмер Захириддин Мухаммад Бобур "туркий тилде эч ким мынчалык көп жана жакшы чыгарма жаратпаган" деп Алишер Навоинин чыгармачылыгынын тарыхый маани-маңызына жогору баа берген.
"Мына өткөн 500 жылдан көбүрөөк доордо да Бабурдын сөздөрү тастык болуп келет. Ушул мезгилге чейин бир да акын улуу Алишер Наваиге окшоп туркий тилде көп жана жакшы чыгармаларды жараткан эмес. Мындан бир канча жыл мурда мамлекетибтиде улуу Наваинин 20 томдук ырларынын жыйнагы жарык көрдү. Биз албетте мына ушундай улуу акыныбыз бар экендигинен сыймыктанабыз. Жалпы туркий элдерде гана эмес, ошондой эле дүйнөдө да Наваига окшогон чоң көлөмдө чыгармачылык мурасын жараткан акындар өтө аз. Маселен, дүйнөдө атактуу болгон Шекспирдин, Пушкиндин поэтикалык чыгармачылыгы, Наваинин чыгармачылыгынан кыйла чакан", - дейт окумуштуу.
Маектешибиз Алишер Навоинин "Хамса" чыгармасында өзбек тилинин мүмкүнчүлүгүн, байлыгын жана поэзия тили экендигин далилдеп бергендигине токтолду. Анын баамында, 52 миң катардан турган бул беш томдук 15-кылымда ислам аң-сезимин дүйнө жана табиат, инсан жана коом, адеп-ахлак жана кемелдик менен айкалыштырган, ошол доордун өзүнчө бир энциклопедиясы болгон.
"Акын окуяларды байыркы чыгыш тарыхын Хусрав, Бахром, Искандер сыяктуу уламыштар менен жуурулган инсандар, "Лайли жана Мажнун" сыяктуу ашыктардын турмушу аркылуу чагылдырган. Навоий аларга жаңы мазмун берип, туркий рух киргизди. Доордун олуттуу маселелерин, муундардын арзу-армандарын көтөрүп чыкты. «Хамса» замандаштарга өтө чоң таасир көргөзгөн. Ошол мезгилде Абдурахман Жамий бул чыгармадан рухан таасирленип, чын ыклас менен алкыштаган. Ошол доордогу мамлекеттик жетекчи Султан Хусаин Байкара акынды өзүнүн боз атына миндирип зор сый көрсөткөн", - деп эскерет Исамутдинов.
Маектин соңунда окумуштуу Алишер Навоинин чыгармалары дүйнөнүн бир канча элдеринин тилине которулганына, алардын ичинде кыргыз тилине которулганы да өзгөчө мааниге ээ экендигине көңул бурду.
Өткөр кылымдын 50-жылдарында, тарыхта алгачкы жолу атактуу кыргыз акыны жана жазуучусу Аалы Токомбаевтин жетекчилигинде Алыкул Осмонов, Узакбай Абдукаюмов, Темиркул Уметалиев, Кубанычбек Маликов, Самар Шимеев, Кубаныч Акаев жана Насирдин Байтемиров тарабынан Алишер Навоинин "Лайли жана Мажнун" чыгармасы алгачкы жолу кыргыз тилинде жарык корду. Кийинчереек кыргыз акыны Самар Шимеев Алишер Навоинин "Фархад жана Ширин" поэмасын өзбек тилинен түздөн-түз кыргыз тилине толугу менен менен которгон.
"Алишер Навоийдин чыгармалары кыргыз тилин жана адабий мурасын байышына кенен чыгармачыл таасир көрсөткөн. Бул болсо элдерибиздин тарыхы, маданий турмушунун тамыры терең, кылымдарга барып такалышын дагы бир жолу далилдеп, учурда элдерибиз ортосундагы достук жана ынтымактын чыңдалышына салмактуу үлүшүн кошуп келет", - деп сөзүнүн соңуна чыкты Зухритдин Исамутдинов.
Маалымат үчүн: Зухритдин Исамутдинов 1953-жылы 1-январда Өзбекстандын Анжиян облусунда туулган - адабиятчы, котормочу, публицист, филология илимдеринин кандидаты, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2021), Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги (2024).
Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын (2014), "Манас" эпосун (2017), Т.Касымбеков, С.Жусуев, С.Жигитовдун жана башка кыргыз жазуучу-акындарынын чыгармаларын өзбек тилине которгон. 500дөн ашык адабий-публицистикалык макалалардын автору.