Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Улуу Британиянын Борбордук банкы кийинки сериядагы фунт стерлинг банкнотторуна түшүрүлө турган жапайы жаныбарларды аныктоо үчүн жалпы элдик добуш берүүнү баштады. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин тизмесине британ фаунасынын 18 жандыгы киргизилип, алар үч категорияга бөлүнгөн: сүт эмүүчүлөр, канаттуулар жана жерде-сууда жашоочулар. Добуш берүүчүлөр ар бир категориядан экиден талапкерди тандай алышат. Сурамжылоо 2026-жылдын 3-июлуна чейин уланат.
Сүт эмүүчүлөр категориясында афалина дельфини, коён, кирпи, тюлень, суусар жана түлкү көрсөтүлгөн. Канаттуулар арасында атлантикалык тупик, үкү, балыкчы чымчык, кроншнеп, тоңкулдак жана ак куйруктуу деңиз бүркүтү бар. Ал эми үчүнчү категорияга атлантикалык лосось балыгы, кит акуласы, аары, бака, ийнелик жана авриния аттуу көпөлөк кирген.
Тандалып алынган жаныбарлар 5, 10, 20 жана 50 фунттук банкноттордун негизги сүрөтү катары жайгаштырылып, аларды жапайы жаратылыштын башка элементтери толуктайт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланат. Бирок жаңы үлгүдөгү банкноттор бир нече жылдан кийин гана жүгүртүүгө чыгарылат. Буга дизайнды иштеп чыгуу, коопсуздук тесттерин өткөрүү жана басып чыгаруу процессин даярдоо убакытты талап кылат.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында Англия банкы жаңы банкноттордун темасын тандоо боюнча коомдук сурамжылоо өткөргөн. Анда тарыхый инсандар, жаратылыш, архитектура, белгилүү пейзаждар, искусство, маданият, спорт, инновациялар жана маанилүү окуялар сыяктуу темалар сунушталган.
2026-жылдын март айында банк кийинки сериядагы фунт банкнотторунун негизги темасы катары жапайы жаратылыш тандалганын билдирген. Ошол эле учурда жаңы купюраларда Улуу Британиянын монархынын портрети сакталып калат.