Британиянын валютасынын жаңы дизайны: Инсандардын ордун табият басат

Дүйнө Загрузка... 12 Март 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-03-12 at 06.19.28.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.26 /Кабар/. Британиянын фунт стерлинг банкнотторундагы белгилүү адамдардын сүрөттөрү жаныбарлар, өсүмдүктөр жана башка табият көрүнүштөрүнүн сүрөттөрү менен алмаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Англия Банкы билдиргенин Интерфакс маалымдайт.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 2025-жылы жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоонун негизинде кабыл алынган. Банк билдиргендей, сурамжылоодо табият темасы эң көп колдоо тапкан. Табият сүрөттөрү банкнотторду жасалмалоону татаалдаштырып, адамдарга жасалма акчаларды оңой таанып, айырмалоого жардам берет.

Сурамжылоонун жүрүшүндө коомчулукка белгилүү адамдар, табият, архитектура жана белгилүү жайлар, искусство, маданият, спорт, инновациялар тармагы жана маанилүү тарыхый окуялардан турган бир нече вариант сунушталган. Жыйынтыгында банк 44 миңден ашык жооп алган.

Натыйжада британиялыктардын 60%ы табият темасындагы банкнотторду колдошкон, 56%ы архитектуралык эстеликтерди, ал эми 38%ы белгилүү инсандардын сүрөттөрүн тандашкан.

2026-жылдын жай айларында сурамжылоонун экинчи айлампасы өткөрүлүп, анда банкнотторго түшүрүлө турган жаныбарлар тандалат. Бирок азырынча үй жаныбарлары сунушталбайт. Банкноттордо өсүмдүктөр, ландшафттар жана табияттын башка элементтери да болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда банкноттордо монархтын портрети сакталат. Жаңы банкнотторду иштеп чыгуу жана даярдоо убакыт талап кылгандыктан, алар дароо жүгүртүүгө чыгарылбайт.