Улуттук тарых музейине Хатынь, Дубосеково жана Брест чебинин топурагы салынган капсула тапшырылды

Коом 1110 25 Февраль 2025 17:53
480916179_939290591696031_3552882408896001990_n.jpg
481288487_939290465029377_2091931317223913300_n.jpg
480885932_939290315029392_4094984674564599432_n.jpg
481150700_939290208362736_8672633686705252883_n.jpg
480992342_939290068362750_4132376912154275258_n.jpg
481125134_939289988362758_7463233613382490236_n.jpg
480794715_939289915029432_3353972477560797725_n.jpg
481452515_939289685029455_5458174068131974793_n.jpg
480642175_939289561696134_1700897887811767460_n.jpg
481075381_939289458362811_529846977583736812_n.jpg
481665603_939297055028718_2223595653130036465_n.jpg
481471073_939291881695902_5582323250360309823_n.jpg
481274673_939291761695914_2818687738882145773_n.jpg
481004623_939291481695942_8910820946747080652_n.jpg
480820855_939290735029350_6304393671519425118_n.jpg
Алдыга
Артка
480916179_939290591696031_3552882408896001990_n.jpg
481288487_939290465029377_2091931317223913300_n.jpg
480885932_939290315029392_4094984674564599432_n.jpg
481150700_939290208362736_8672633686705252883_n.jpg
480992342_939290068362750_4132376912154275258_n.jpg
481125134_939289988362758_7463233613382490236_n.jpg
480794715_939289915029432_3353972477560797725_n.jpg
481452515_939289685029455_5458174068131974793_n.jpg
480642175_939289561696134_1700897887811767460_n.jpg
481075381_939289458362811_529846977583736812_n.jpg
481665603_939297055028718_2223595653130036465_n.jpg
481471073_939291881695902_5582323250360309823_n.jpg
481274673_939291761695914_2818687738882145773_n.jpg
481004623_939291481695942_8910820946747080652_n.jpg
480820855_939290735029350_6304393671519425118_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бүгүн 25-февралда Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында, Улуттук тарых музейге согуш маалында айыгышкан күрѳш жүргѳн Брест чебинен, Хатындан жана Дубосеково кесилишинин алынып келинген топурак салынган капсуланы салтанаттуу тапшыруу аземи ѳттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын театралдаштырылган прологу менен башталды.

Капсула тапшыруу аземине КРнын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Молунов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгектенген ардагерлердин коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев катышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жеңиштин жеңил жерден келбегендигин, мекендин ыйыктыгын далилдеген ыйык жерлер Брест чебинен, Хатындан жана Дубосеково кесилишинин алынып келинген топурак салынган капсуланы салтанаттуу тапшыруу аземинин орду жана символикалык мааниге ээ экендигин айтты. Ошондой эле бул капсула музейдин баалуу экспонатына айланып, Улуу Жеңиштин трагедиясын жана триумфун түбѳлүк эстетип тураарын белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чара маданий программа менен коштолуп, тематикалык ырлар аткарылды.

Маалымат үчүн: 1941-жылы 22-июнда башталган Ата Мекенди коргоо үчүн гитлердик Германияга каршы согуш жалпы элдик мүнѳзгѳ ээ болгон. Чек араны коргоодон Берлинди алууга чейин уланган согушта – Советтер Союзунун бардык улуттарынын жана элдеринин ѳкүлдѳрү теңдешкис эрдик жана каармандык менен күрѳшкѳн. Кыргызстан фашизмге каршы салгылашууда жана Улуу Жеңишке жетүүдѳ зор салымын кошкон.

Брест чебин коргоодо душманга каршы турган жоокерлер, туруктуулуктун жана кайраттуулуктун символу болуп калган. Алдыңкы сааттарда эле чек араны кесип өтүүнү көздөгөн ниети бузук душмандардын тилеги ишке ашкан эмес. Брест чебинин гарнизонунда 9 миң кызыл армиячылар болгон. Алар күчтүү артиллерия жана авиациянын колдоосундагы ѳзүлѳрүнѳн эки эсе кѳп душмандар менен кармашкан. Оор салгылашууларда Кызыл Армиянын жоокерлери 22-июндан – 30-июнга чейин тогуз күн бою теңдешкис эрдик жана каармандык кѳрсѳтүп, 4 миң гитлерчи жоокерлер менен офицерлерди жок кылышкан.

Брест чебин коргоочулардын катарында, кыргызстандыктар да чыныгы баатырлык менен салгылашкан.

Москванын алдындагы 1941-жылы октябь-ноябрь айындагы кармашта, кыргыз жана казак ССРинин территориясында Иван Васильевич Панфиловдун жетекчилигинде түзүлгѳн 316-аткычтар дивизиясы эрдик менен душмандардын жолун бууган.

Дубосеково кесилишиндеги кандуу кыргында 28-панфиловчу Ата Мекен үчүн баатырлыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп, өздөрүнүн жанын курман чалуу менен душмандын өлкөнүн борборуна өтүүсүнө жол берген эмес. Алардын ичинде кыргызстандык даңазалуу жоокерлер Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Шемякин, Григорий Петренколор бар. Аты аталган жердештерибизге Советтер Союзунун Баатыры эң жогорку наамы ыйгарылган. Дивизиянын генерал-майору И. В Панфилов 1941-жылы 18-ноябрда күжүрмѳн кызматын аткарууда курман болгон. Ага дагы Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамы берилген.

Фашисттердин максаты, СССРдин калкын жок кылуу менен геноцид кылууга багытталганы 1923-ж. 22-мартындагы Хатынь кыштагындагы кыргында 177 тургунду, анын ичинде 55 баланы, партизандардын автоколоннага кол салып немец офицерин ѳлтүргѳндүгү үчүн жазалоо иретинде сарайга тирүүлѳй ѳрттѳгѳнүнѳн ачык кѳрүнгѳн. Хатынь беларусс элинин түбѳлүктү азасынын жана эскерүүсүнүн улуттук символуна айланган.

"Күрөш жүргөн ыйык жерлерден алынып келген капсулалар келечек үчүн жанын берген аталарыбыздын жеңиши тууралуу эстетип, музей экспозициясында татыктуу ордун ээлеп, жалпы душманыбызга каршы биримдигибизди, жаш муундарга жер шарындагы тынчтык үчүн бир тургандыгыбызды унуттурбайт",-деп айтылат маалыматта.