Комуз – улуттук маданияттын уңгусу: Илимий конференция өтүүдө

Бишкектеги иш-чаралар 03 Июль 2026 12:10
730222747_3887505298059307_3902588135929869957_n.jpg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.07.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.07.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.08.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.08.01.jpeg
Алдыга
Артка
730222747_3887505298059307_3902588135929869957_n.jpg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.07.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.07.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.08.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-03 at 12.08.01.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өлкөнүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында “Комуз – кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу” аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарада кыргыз элинин уникалдуу көркөм өнөрү — көөнөрбөс комузчулук өнөрү жана аны чабуунун чеберчилиги боюнча илимий изилдөөлөр тартууланууда.

Конференциянын жүрүшүндө “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун комузчу-мугалими Мастура Бердибекованын комуз үйрөтүү ыкмаларына арналган окуу-усулдук колдонмосу жана 3 баскычка ылайыкташкан ыр-күүлөр жыйнагы сунушталды.

Тартууланган эмгектер:

  • “Комуз күүлөрүнүн көркөм каражаттары” — мугалимдер үчүн окуу-усулдук колдонмо (210 бет).
  • “Кенже топто комуз ойноо” — бала бакчалар жана 1-2-класстар үчүн ыр-күүлөр жыйнагы (100 бет).
  • “Комуз күүлөрү түрдүү чертимдерде” (1-том) — башталгыч жана жогорку класстар үчүн жыйнак (250 бет).
  • “Комуз күүлөрү түрдүү чертимдерде” (2-том) — атайын жана жогорку музыкалык окуу жайлар үчүн жыйнак (250 бет).

Белгилей кетсек, конференция “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору менен А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын биргелешкен уюштуруусунда өтүп жатат.