Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 100 жылдыгын белгиледи

Коом 5 октябрь 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-10-05 at 06.58.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 06.58.10 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 06.58.10 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-05 at 06.58.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 06.58.10 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 06.58.10 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бишкекте профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Иш-чарада “Легендарлуу №5 мектептин 100 жылдык тажрыйбасы: жалпы билим берүүчү мектептерде окуу процессин санариптештирүү, инновация жана өнүгүү келечеги” деген темада талкуу уюштурулду.

Конференцияга Эл баатыры, мектептин бүтүрүүчүсү Медеткан Шеримкулов, окумуштуулар, агартуучулар, билим берүү тармагынын ардактуу өкүлдөрү, магистранттар, аспиранттар жана жаш окумуштуулар катышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнү санариптештирүү, инновациялык ыкмаларды окуу процессине киргизүү жана мектептик билим берүүнүн келечегин аныктоо маселелери талкууланды.