Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесине арналган салтанат 17-октябрда Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, мектеп 1926-жылы Таштак кыргыз башталгыч мектеби катары негизделген. Ал өлкөдөгү алгачкы улуттук мектептердин бири болуп саналат.
2010-жылы билим берүү мекемесине профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы ыйгарылып, 2019-жылы азыркы аталышына ээ болгон.