Улуттук илимдер академиясына 26 кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер кабинети 24 Февраль 2026 16:06
699d743993297.jpg
699d747d02ae2-thumb.JPG
699d747d045fa-thumb.JPG
699d7423a454e-thumb.JPG
699d7423e0112-thumb.JPG
699d7423f2d12-thumb.JPG
699d7424cc04e-thumb.JPG
699d7424cfad1-thumb.JPG
699d7425a691c-thumb.JPG
699d74242a644-thumb.JPG
699d74242da96-thumb.JPG
699d74249db1e-thumb.JPG
699d74398fe8d-thumb.JPG
699d7424865ad-thumb.JPG
699d74239017b-thumb.JPG
699d743993297-thumb.JPG
699d742350ff7-thumb.JPG
699d7423547f5-thumb.JPG
Алдыга
Артка
699d743993297.jpg
699d747d02ae2-thumb.JPG
699d747d045fa-thumb.JPG
699d7423a454e-thumb.JPG
699d7423e0112-thumb.JPG
699d7423f2d12-thumb.JPG
699d7424cc04e-thumb.JPG
699d7424cfad1-thumb.JPG
699d7425a691c-thumb.JPG
699d74242a644-thumb.JPG
699d74242da96-thumb.JPG
699d74249db1e-thumb.JPG
699d74398fe8d-thumb.JPG
699d7424865ad-thumb.JPG
699d74239017b-thumb.JPG
699d743993297-thumb.JPG
699d742350ff7-thumb.JPG
699d7423547f5-thumb.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына 26 даана атайын кызматтык унаа тапшырды.

Бул транспорт каражаттары УИАнын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында археологиялык, геологиялык, геофизикалык, биологиялык жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн  44 800 000 сомго сатылып алынган. 

Унааларды тапшыруу аземинде минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, Улуттук илимдер академиясына мамлекет тараптан ар тараптуу колдоо болуп, УИАнын имараты толук жаңыланганын жана кызматкерлердин айлык маянасы эки эсеге жогорулаганын белгилеп, эми бул автотранспорт каражаттары өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөрдү, экспедициялык иштерди камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык тапшырмаларды аткарууга көмөк болоорун кошумчалады. 

Ошондой эле Байсалов мамлекет илим чөйрөсүн өнүктүрүүгө мындан ары да басым жасаарын белгилеп,   Кыргызстандын алдында бир катар стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу турганын жана аны ишке ашырууда мамлекет илим чөйрөсүнөн, инновациялык чечимдерди жана экономиканын өсүшүнө кошкон реалдуу салымды күтөөрүн билдирди.

Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов сөз сүйлөп, көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн мамлекеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.