Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы март айына карата репертуарын жарыялады.
4-март, 11:00 - Кыргыз Республикасынын аялдар конгрессинин 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата иш-чарасы жана концерт;
5-март, 10:00 - Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын иш-чарасы;
6-март, 11:00 - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Улуттук форум;
7-8-март, 18:30 - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли;
9-март, 18:00 - Онкологиялык жактан оорулуу балдарга кайрымдуулук концерти;
11-март, 18:30 - А. Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин концерти;
12-март, 18:30 - Акын Анна Егоняндын поэзия кечеси;
15-март, 10:00 - Аталар күнүнө арналган концерт;
15-март, 18:30 - Япон музыкасы концерти;
16-март, 18:30 - 70-80 жылдардагы ретро-музыкалардан түзүлгөн концерт;
17-март, 18:00 - “Сармерден” теле-долбоору;
18-март, 18:30 - Улуттук филармониянын ырчыларынын А. Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри менен биргеликтеги концерти;
19-20-март, 14:00 - Айтыш. Кыргызстан жана Казакстан төкмө акындарынын катышуусу менен өтөт;
22-март, 18:30 - “Медцо-форте” оркестринин концерти;
23-март, 15:00 - “Ыйман кечеси”;
25-март, 10:00 - Чүй жана Ленинград областтарынын биргеликте өткөрүүчү маданий иш-чарасы;
29-март, 18:30 - “Музыка кино” концерт;
30-март, 18:30 - Аспаптык музыка концерти.