Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди.
Банк Кыргызстандын бардык аймактарындагы калкка жана бизнеске банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин сунуштоону пландаштырууда.
Долбоор банктык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактарында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоордун маанилүү инфраструктуралык өнөктөшү катары республика боюнча кеңири бөлүмдөр жана агенттик түйүндөр тармагына ээ болгон "Кыргыз Почтасы" ААКсы чыгат. Бул өнөктөштүк тейлөө географиясын кеңейтүүгө жана аймактардагы калкка банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
Кийинки этапта мыйзамдарда каралган лицензиялоо жол-жоболорунан өтүү, зарыл болгон операциялык инфраструктураны түзүү жана банкты толук кандуу ишмердүүлүгүн баштоого даярдоо милдеттери турат.