Улуттук банк финансылык кооперативдин лицензиясын кайтарып алды

Экономика Загрузка... 30 Январь 2026 12:12
photo_2025-10-28_15-28-22_3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. “Тимур ТСД кредиттик союзу” финансылык кооперативинин лицензиясы кайтарып алынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, финансылык уюм мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.

Буга байланыштуу “Тимур ТСД кредиттик союзу” финансылык кооперативинин 2016-жылдагы лицензиясы кайтарылып алынды.