Улуттук банк ESG тобокелдиктерин башкаруу боюнча семинар өткөрдү

Экономика Загрузка... 18 Июнь 2025 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук банк

Бишкек 18.06.25 /Кабар/. Улуттук банк 16-17-июнда банк сектору үчүн ESG-тобокелдиктерин башкаруу боюнча семинар өткөрдү.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, иш-чара German Sparkassenstiftung for International Cooperation менен биргеликте уюштурулду.

Семинар GIZ тарабынан BMZ, Европа биримдиги жана Швейцария өкмөтүнүн биргелешип каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасынын алкагында банк секторуна ESG принциптерин киргизүү жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү боюнча банктар аралык жумушчу топтун катышуучулары үчүн уюштурулду.

Бул иш-чара Улуттук банк тарабынан 2024-жылы туруктуу каржылоону өнүктүрүү боюнча Жол картасы бекитилгенден кийин жүргүзүлүп жаткан системалуу иштин уландысы болуп, банк секторунун адистеринин компетенциясын жогорулатууга багытталды.

Семинардын катышуучулары эл аралык эксперт менен ESG-тобокелдиктерин башкаруу инструменттерин ыңгайлаштыруу, туруктуу каржылоо принциптерин киргизүүнү көзөмөлдөө жана парник газдарынын чыгышын эсептөө боюнча практикалык маселелерди талкуулашты.