Улуттук банк: 1 - январдан тарта эл аралык акча которууларга комиссия алынбайт

Экономика Загрузка... 04 Декабрь 2025 11:20
_rubli_sputnik_by_15_480x270.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Улуттук банк 3-декабрда “Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чет өлкөдөн которулган акча үчүн комиссия алууга тыюу салынат.

Документ керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калк үчүн эсеп ачпастан, эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн акча которууларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Эске салсак, буга чейин акча которууларды жүргүзгөн жеке компания 1-декабрдан баштап, Кыргызстанда орус рубли менен акча которууларды жөнөткөн уюмдар алуучулардан которуу суммасынын 1,5%га чейин комиссия алышы жана Кыргызстанга орус рубли менен акча которууларды жөнөткөндө, төлөмдүн аягында кошумча чыгымдар болушу мүмкүн деп маалымдаган болчу.