Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнүн 93 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Минкаб төрагасы өз сөзүндө авиапарк жаңыланып жатканын айтты.
“Asman Airlines” авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Биз улуттук авиакомпаниябыздын атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз”, — деди Касымалиев.
Үстүбүздөгү жыл, кыргыз авиациясы үчүн дагы бир маанилүү тарыхый окуя болгонун айткан минкаб төрагасы Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылганын кошумчалады.
"Бул багыттагы иштерди аягына чейин жеткирүү жүргүзүлүүдө. Бул тапта мамлекет Эйрбас 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Максат – кыргыз авиакомпаниялары дүйнөнүн алдыңкы багыттарына коопсуз, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетүү", - деп кошумчалады Касымалиев.