"Улут деми - Уңгу жол” гобеленинде кыргыз элинин тарыхы чагылдырылган – Байсалов

Министрлер кабинети Загрузка... 27 Декабрь 2025 18:55
WhatsApp Image 2025-12-27 at 13.54.21.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.12.25. /Кабар/. “Улут деми - Уңгу жол” гобеленинде көп улуттуу кыргыз элинин бир канча доорду камтылган бай тарыхы жана келечекке умтулуусу чагылдырылган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, бул чыгарма жөн эле кооздук үчүн сүрөт эмес, терең мааниге ээ тарыхый документ.

“Гобелен борбор калаанын жүрөгүндө, Улуттук тарых музейинин салтанаттуу тепкичинде өз ордун ээлеп, көп улуттуу элибиздин биримдигин жана ынтымагын, ар бир кыргызстандыктын мекенге болгон сүйүүсүн, балдарыбыз үчүн татыктуу келечекти биргеликте курууга умтулуубузду чагылдырат. Бул эмгек заманбап доордун маанилүү символуна айланып, өлкөбүздүн бардык аймактарындагы адамдарга жакын жана түшүнүктүү болот деп ишенем.

Аталган эмгекте чыгармачыл топ тарыхты, бүгүнкү күндү жана келечекти камтыганга аракет кылды. Негизинен иш 10 айга уланып, М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинин спорт залында сүрөтчү кыздарыбыз тарабынан авторлордун жетекчилигинде ушул чоң жумуш аткарылды. Албетте, бул тарыхыбызда керек болсо президент Садыр Жапаровдун доорунан кала турган монументалдык бир белек катары болмокчу. Мындай гобелендер 600 – 800 жылдан кийин дагы документ катары сакталып кала берет”, - деди Байсалов.

Ошондой эле ал аталган гобелен өлкөдөгү мектептерде, жогорку окуу жайларда, маданий жайларда илинип, китеп, журналдарда, интернет мейкиндигине кеңири чагылдырыларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн Улуттук тарых музейинде “Улут деми - Уңгу жол” аталган өлкөдө алгачкы жолу ири масштабда жазылган гобелендин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.