Улакчынын каза болгондугуна байланыштуу көк бөрү оюндары токтотулду

Кырсык Загрузка... 12 Март 2025 18:40
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Бөрүлү” жана “Бүркүт” командасынын оюнунда кырсык болгондугуна байланыштуу көк бөрү оюндарын токтотуп туруу чечими кабыл алды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн кечинде федерациянын башкармалык мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулмакчы.

Алдыдагы Нооруз турнири боюнча кошумча маалыматтар жыйындын чечимине байланыштуу берилери айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү мелдешинде улакчы жаракат алып, ооруканага жетпей каза тапты. Ал оюнчулардын бири менен кагылышуудан улам аттан кулап, эс-учун жоготкон. Бул факт боюнча милиция алдын ала териштирүү иштерин баштады.