Словакиялык турист: Көк бөрү беттеши абдан кызыктуу өттү

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 18:05
Словакиялык турист: Көк бөрү беттеши абдан кызыктуу өттү
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештерди көргөн словакиялык Лилиана Холла оюндар ага өзгөчө таасир калтырганын билдирди.

“Бул оюнду буга чейин эч качан көргөн эмесмин. Баарынын өз командасын кызуу колдоп, күйөрмандык кылып жатканы мага абдан жакты. Кыргызстанга конок болуп келгендиктен, Кыргызстандын жеңишине өзгөчө кубандым.

Оюн мага абдан жакты. Эчкинин тушасы биз үчүн бир аз таң калыштуу болду, бирок жалпы жонунан алганда мелдешдер абдан кызыктуу болду”, — деди Лилиана Холла.