Улакчы: Өз жерибизде Кыргызстандын намысын коргодук

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 16:55
Улакчы: Өз жерибизде Кыргызстандын намысын коргодук
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Бизди колдоого келген бардык күйөрмандарга чоң рахмат. Оюн жакшы деңгээлде өттү. Бул тууралуу ”Кабар“ агенттигине Кыргызстандын көкпар боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу билдирди.

Анын айтымында, көкпар боюнча беттеш абдан жогорку деңгээлде өттү.

”Биз талаага кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актап, Кыргызстандын намысын коргоо максаты менен чыктык. Алардын колдоосу, биз үчүн күйөрмандык кылганы бизге чоң дем берип, өзгөчө күч-кубат тартуулады. Өз жерибизде, өз элибиздин алдында намысыбызды коргодук”, – деди улакчы.

Ошондой эле ал эсепке алынбай калган бир салым боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, ошол учурда оюнчулар аттарды эс алдыруу үчүн талаадан чыгып кетишкендиктен, эмне себептен мындай болгонун билбейт.

”Биз кайра кайтып келгенде, таблодо эсеп 3:2 болуп калган. Оюн таза өттү, атаандаштар күчтүү экен. Бирок, Кудайга шүгүр, жеңишке жетише алдык”, – деп белгиледи спортчу.