Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Тынчтык Субанкулов УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин башкармалыкты Каныбек Досмамбетов жетектеп келген.
Бүгүн жаңы жетекчини жамаатка тааныштырууга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана облус активи катышты.