УКМК уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

Укук тартиби Загрузка... 13 Июль 2026 16:00
2a78303a96_23423423.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. УКМК өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келип, аларды Бишкектеги ири соода түйүндөрүндө сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

УКМКдан билдиришкендей, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө бажы жана салык көзөмөлүнөн жашырылып, тиешелүү төлөмдөр төлөнбөстөн жана милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөстөн өлкөгө алып келинген ири партиядагы уюлдук телефондор көмүскө жүгүртүүдөн алынган.

Тергөөдө мыйзамсыз алып кирүү каналын уюштуруучулардын бири катары чет өлкөлүк жаран Н.Б.Ж. жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Б.И.М. кармалганы белгиленди.

Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкери материалдык сый акы үчүн борбор калаада контрабандалык товарларды мыйзамсыз өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

УКМК белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн уюлдук байланыш каражаттарынын жана башка электрондук техникалардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен чектелбестен, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштардын жасалышына шарт түзүп, оор жана өзгөчө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.