УКМК төрагасынын үч орун басары кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 10 февраль 2026 17:44
УКМК төрагасынын үч орун басары кызматынан бошотулду
copyright icon УКМК

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, төмөнкү жетекчилер кызматтан алынды:

  • УКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов Курванбек Рахманович;
  • УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Рысалиев Даниэл Ормонбекович;
  • УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борборунун директору Сманов Элизар Мухамедкулович.

Эскерте кетсек, бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да кызматтан кеткен.