Убакыт тар: Борбор Азия суу көйгөйүн тезинен чечүүсү керек

Аналитика Загрузка... 24 Апрель 2026 18:40
1.webp
copyright icon WWW

Борбор Азиядагы ресурстарды бөлүштүрүү боюнча атаандаштык акылга сыярлык дипломатиялык чечимдердин мейкиндигине айланышы керек. Биринчи кезекте, кеп аймактык суу-энергетикалык баланс боюнча консенсуска келүү жөнүндө болуп жатат. Астанадагы экологиялык саммит, анын ичинде жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, бул боюнча жалпы түшүнүк жана умтулуу бар экенин көрсөттү. Бирок саясат – ушунчалык назик чөйрө, мында деталдарды талкуулоо жана компромисс издөө белгисиз мөөнөткө созулуп кетиши мүмкүн.

Ойлонулган чечимдерди кабыл алуу үчүн убакыт өтүп жатат. Бизде ойлонууга же создуктурууга убакыт күндөн-күнгө кыскарууда, анткени Борбор Азия чөлкөмүн суу менен камсыз кылып жаткан мөңгүлөрдүн эриши тездөөдө.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Астана саммитине эксперттик деңгээлде катышып, азырынча "жакшылыкча" бөлүшө турган нерсе бар кезинде, келишип алуу керектигин белгиледи. Саясий илимдердин доктору кырдаалды конкреттүү тарыхый фактыларга жана прецеденттерге таянуу менен талдап берди.

2
"Отуз жыл мурун Борбор Азиянын беш мамлекети бирдиктүү советтик суу системасын мурастап калган. Үч он жылдыктан кийин ал дагы деле ошол эле чыр-чатактарды жана ошол эле кемчиликти кайталап келет, сууну өндүргөн өлкө аны пайдалануудан түшкөн пайданын адилеттүү үлүшүн албайт.
Советтик система алмашууну караган: суу төмөнкү аймактардан келген көмүргө жана газга алмашылган. 1991-жылдан кийин бул жеткирүүлөр токтоду. Жаңы модель ошол бойдон түзүлгөн жок. 1998-жылкы келишим бартердик механизмди киргизген, бирок ал бузулду, энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасы туруксуз, милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн санкциялар жок. 2006-жылдан бери бул келишим иш жүзүндө иштебейт. Бул саясий пикир келишпестик эмес, бул – эл аралык милдеттенмелердин документтештирилген аткарылбагандыгы", – деп белгиледи Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстан менен Тажикстан жөн эле дарыялардын агымы калыптанган өлкөлөр эмес, рельефтин аркасында ал жерлерде суу сактагычтар түзүлүп, агым режими ГЭСтердин дамбалары жана плотиналары аркылуу жөнгө салынат. Башкача айтканда, биз кошуналарыбыздын миллиондогон гектар айыл чарба жерлерин иштетүү үчүн негизинен жайкысын сураган көлөмдүн жөнгө салабыз. Эгерде бул татаал гидротехникалык курулуштар болбосо, суу күз-кыш мезгилинде топтолмок эмес, анда жайдын аптабында, мисалы, ошол эле Нарын дарыясынын табигый агымы жакынкы кошуналарыбыздын муктаждыктарын камсыз кылууга жетишсиз болмок.

3

Суу сактагычтарды жана дамбаларды тейлөө керек. Отуз жылдан бери бул татаал инфраструктура модернизацияланган эмес жана реконструкцияланган эмес. Аны масштабдуу реабилитациялоо жана өркүндөтүү үчүн миллиарддаган долларлар менен өлчөнгөн эбегейсиз ресурстар керек. Ошондуктан Кыргызстандын президенти саммитте биздин өлкө климаттык кесепеттердин пропорционалдуу эмес оор жүгүн көтөрүп жатканын билдирди. Эксперттер баса белгилегендей, республиканын суу инфраструктурасы баарына пайда алып келет, бирок анын ордуна дээрлик эч нерсе албайт.

"Кыргызстан – булак мамлекет. Сырдарья дарыясынын бассейнинин жалпы агымы жылына болжол менен 37 куб чакырымды түзөт. Бул суунун 74%дан ашыгын Нарын дарыясы аркылуу Кыргызстан берет. Иш жүзүндө бөлүштүрүлүүчү 22 куб чакырымдын 10ун Өзбекстан, 10ун Казакстан, 1,8ин Тажикстан алат. Кыргызстан өзү 0,4 куб чакырымды, башкача айтканда эки пайызга жетпеген көлөмдү колдонот. Биздин мөңгүлөр, тоолуу жайыттар жана токойлор табигый суу заводу катары иштейт. Алар кошуналардагы миллиондогон гектар айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылат", – деди Аликбек Жекшенкулов Астанадагы жыйында.

Саясий илимдердин доктору сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүнүн терезеси тарып баратканын белгилейт. Климаттык абал тездик менен начарлап, тоолордогу абанын орточо температурасы планетадагы орточо көрсөткүчкө караганда эки эсе тез өсүүдө, мөңгүлөр деградацияга учуроодо, ошондуктан суу-энергетикалык балансы боюнча аймактык консенсуска жетишүү Борбор Азиянын туруктуулугу жана анын андан аркы өнүгүү маселеси.

4

Буга байланыштуу Аликбек Жекшенкулов конкреттүү үч кадамды сунуштады:

  • Биринчи. Жөнөкөй принципти негиз катары кабыл алуу: тоолуу өлкөлөр суу кошуналарга жетиши үчүн реалдуу чыгымдарды тартышат. Бул чыгымдар жолдорго же электр тармактарына жумшалган чыгымдар сыяктуу эле кайтарылышы керек. Чүй, Талас жана Орто-Токой дарыялары боюнча прецеденттер иштеп жатат. Аларды бүтүндөй бассейнге жайылтуу зарыл.
  • Экинчи. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үч тараптуу келишимди аягына чыгаруу. Бул аймактын тарыхында тоолуу өлкө өз суусунан адилеттүү үлүш алып жана дарыянын үстүнөн толук көзөмөлдү сактап калган биринчи учур.
  • Үчүнчү. Мөңгүлөрдүн эришинен келип чыккан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн тоолуу өлкөлөр үчүн климаттык каржылоо механизмин ишке киргизүү. Бул – Кыргызстан менен Тажикстандын дээрлик тиешеси жок болгон климаттын өзгөрүшүнөн келген реалдуу зыян.

Бул контекстте эксперттер колдонгон терминдер маанилүү: "биз суу үчүн акча сураган жокпуз, биз инфраструктураны тейлөөгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу (компенсация) жөнүндө айтып жатабыз".

Тоолордогу мөңгүлөрдүн деградациясын басаңдатуу үчүн биргелешкен чараларды көрүүнү талкуулап жатабыз. Суу ресурстарын бөлүштүрүү үчүн күрөш менен шартталган риторика, баарына коркунуч туудурган климаттык шоктон келип чыккан жалпы көйгөйлөрдү кантип чечүү керектиги жөнүндөгү дипломатиялык диалогго алмашышы керек экендиги айдан ачык.

Аликбек Жекшенкуловдун пикири боюнча, Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулушу боюнча макулдашуулар мындай акылман чечимдердин, жемиштүү аймактык кызматташтыктын үлгүсү боло алат.

"2024-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан аны биргелешип курууну макулдашты: Кыргызстан – 34 пайыз, кошуналар – 33 пайыздан. Казакстан менен Өзбекстан дарыяны башкаруу укугун сатып алышкан жок. Алар электр энергиясына кепилденген жеткиликтүүлүктү жана алдын ала болжолдонгон суу режимин сатып алышты. Дарыяны башкаруу бизде калат. Андан түшкөн пайда эми жалпы. Бул отуз жылдан бери жетишпей келген формула", – дейт Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри.

Эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү Камбар-Ата-1 ГЭСинин суу сактагычынын көлөмү болжол менен 5 млн кубометрди түзүп, Нарындын жогорку агымында, Токтогул суу сактагычына салыштырмалуу жогору жайгашкандыктан, каскаддын иштөө режимин ушундайча жөнгө салууга мүмкүндүк берерин, натыйжада кышкысын электр энергиясына болгон жогорулаган муктаждыкты жабууга да, кургакчылык мезгилинде да айыл чарба жерлерин сугарууга суу жетиштүү болорун белгилешет.

Долбоор уникалдуу жана бул кеминде 20-30 жыл мурун ишке ашырылышы керек болчу. Ал дагы деле актуалдуу жана аймактагы суу-энергетикалык балансты оңдоого жөндөмдүү. Бирок, "Камбар-Ата-1" долбоору боюнча чечимдер тез жана так болушу керек. Станциянын плотинасын агым тоо суу сактагычын толтурууга мүмкүндүк берип жаткан кезде тез куруу зарыл. Ал эми 5-10 жылдан кийин табигый факторлор кандай болот жана бул убакыттын ичинде мөңгүлөр эмне болот, эксперттер алдын ала айтууга батынышпайт.