Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети тарыхый чектен ашып, 1 триллион 93 миллиард сомго жетти. Триллион сомдук бюджетти эки жыл мурда орундатуу — ырааттуу экономикалык жана фискалдык саясаттын натыйжасы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
“2025-жылы “Элдик банкты” жана энергетикалык компанияларды капиталдаштыруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Камбар-Ата-1 ГЭСи, Мамлекеттик ипотекалык компания сыяктуу стратегиялык багыттарга олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүндү. Капиталдык салымдардын көлөмү беш эседен ашык көбөйдү – 10 миллиарддан 51,7 миллиард сомго”, - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.