U-23: Кыргызстандык 3 балбан Азия чемпиону болду

Спорт Загрузка... 24 Май 2026 13:00
6.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Вьетнамдын Да Нанг шаарында спорттук күрөш боюнча өтүп жаткан U-23 Азия чемпионатында Кыргызстандык балбандар ийгиликтүү катышууда.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын 6 балбаны байгелүү орундарды ээледи.

Анын ичинде алтын медалдын ээлери:

  • Ырыскелди Хамзаев 72 кг чейин;
  • Эрлан Марс уулу 82 кг чейин;
  • Нурболот Токтогонов 130 кг чейин.

Күмүш медаль ээси:

  • Жеңиш Жумабеков 97 кг чейин

Коло медаль ээлери:

  • Нуристан Суеркулов 60 кг чейин;
  • Баяман Каримов 67 кг чейин.

Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан мелдештер 31-майга чейин уланат.