U-17 кыздар курамасы CAFA чемпионатындагы тарыхый жеңиши үчүн сыйланды

Министрлер кабинети 22 сентябрь 2026 18:15
6ab2643e43ddc.jpeg
6ab2644067e3d.jpeg
6ab2643c0cdd5.jpeg
6ab2643a6949c.jpeg
6ab2643749046.jpeg
Алдыга
Артка
6ab2643e43ddc.jpeg
6ab2644067e3d.jpeg
6ab2643c0cdd5.jpeg
6ab2643a6949c.jpeg
6ab2643749046.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) U-17 кыздар арасындагы чемпионатында чемпион болгон Кыргызстандын U-17 кыздар курама командасы менен жолугушту. 

Кыргызстандын кыздар курамасы Ташкентте өткөн мелдеште Иран жана Тажикстан курамаларын жеңип, Өзбекстан менен тең чыгып, турнирдин жеңүүчүсү болушту. Бул – аталган мелдештердеги Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы жаш футболчуларды жана машыктыруучулар штабын тарыхый ийгилиги менен куттуктап, КР президентинин жана министрлер кабинетинин атынан белектерди жана сыйлыктарды тапшырды.