(U-17). Эки кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Спорт Загрузка... 31 Июль 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан (U-17) дүйнө чемпионатында эки кыргыз балбаны күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмактык категорияда килемге чыккан Амангелди Ысакбаев мелдештин алгачкы баскычында Армениянын спортчусу Завен Межлумянды 11:7 эсебинде жеңип, 1/8 финалда Мексиканын балбаны Омар Гонсалести 3:1 эсебинде утуп, жарым чейрек финалда Германиянын спортчусу Мику Лейбес менен болгон таймашта 3:3 эсебинде анын далысын жерге тийгизүү менен жеңди.

Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Украинанын балбаны Денис Серединди 6:1 эсебинде жеңип, финалда Азербайжандын спортчусу Али Назаровго 1:5 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.

Ал эми 45 кг салмак категориясында күч сынашкан Нуркерим Кумарбеков мелдештин алгачкы баскычында Түркиянын балбаны Мустафа Гүвенди 14:6 эсебинде жеңип, жарым чейрек финалда Украинанын спортчусу Тимур Махаррамовду 5:2 эсебинде утуп, жарым финалда Азербайжандын балбаны Абдуррахман Хусейнлини 7:0 эсебинде таза жеңди.

Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта ал Казакстандын балбаны Куанышбек Жангажолго 7:8 эсебинде аз айырма менен утулуп, 2-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) дүйнө чемпионаты 28-июлда Грециянын борбору Афина шаарында башталган.