U-17. Балбан Асема Асангарыева дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 2 август 2025 13:50
U-17. Балбан Асема Асангарыева дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 02.08.25./Кабар/. Грециянын Афина шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-17) кыргызстандык балбан кыз коло медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыз-келиндер күрөшү боюнча 40 кг салмактык категорияда мелдешкен Асема Асангарыева үчүнчү орунга татыды.

Эске салсак, U-17 дүйнө чемпионатынын үчүнчү жана төртүнчү күнү балбан кыздар килемге чыгып күч сынашкан.