Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Министрлер кабинети Загрузка... 27 Август 2025 16:58
9424b700-070e-340e-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ КР президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтом менен Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.

Мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.