Бишкек 08.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатында 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Казакстандын Шымкент шаарында өттү.
Алсак, Азим Эсенбек уулу күмүш медаль жана Адилбек Кенжебек уулу коло медаль жеңди.
Курама команда машыктыруучу Максат Батырбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.