Бишкек, 01.09.25./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшуп, кабыл алышты:
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Тяньцзин декларациясы.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча документтерди бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими:
- Шанхай кызматташтык уюмунун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы;
- 2026–2030-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтык программасы;
- 2030-жылга чейинки мезгилге Шанхай кызматташтык уюмунун энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасы.
- Лаос Элдик Демократиялык Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун диалог боюнча өнөктөшү статусун берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде байкоочу статусун алуусу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
- «Шанхай кызматташтык уюмунун өнөктөшү» статусу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарын 2025-2026-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечими.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ШКУнун башкы катчысынын төмөнкү документтерге кол коюу боюнча ыйгарым укуктары жөнүндө чечими:
- 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен "Росконгресс" фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү баяндамаларды бекитүү тууралуу чечими:
- Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин 2024-жылдагы Регионалдык антитеррордук түзүмдүн ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизатка каршы борбору жөнүндө макулдашуусу.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө макулдашуусу.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин санарип экономика тармагында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин энергетиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин "жашыл" өнөр жай тармагында кызматташтык жөнүндө билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жасалма интеллект жаатында эл аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жөнүндө билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин көп тараптуу соода системасын колдоо жөнүндө билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин дүйнөлүк баңгизат көйгөйүн натыйжалуу чечүү жана ага каршы күрөшүү боюнча билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин туруктуу өнүгүү жаатында инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү;
- 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол.