Түштүк магистралы Шопоков шаарына чейин жетет: Жаңы жол августта бүтөт

Министрлер кабинети 09 Июль 2026 09:00
6a4e63e6a33ba.jpeg
6a4e63e6a6584.jpeg
6a4e63e6c91f4.jpeg
Алдыга
Артка
6a4e63e6a33ba.jpeg
6a4e63e6a6584.jpeg
6a4e63e6c91f4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Түштүк магистралын Шопоков шаарына чейин узартуу боюнча курулуп жаткан тилкедеги иштердин жүрүшүн карап чыкты.

Иштер мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө. Объекттин курулушу ушул жылдын август айынын аягына чейин бүтөт деп пландалууда.

Жолугушууда Бакыт Төрөбаев курулуштун тез темпин жана курулуштун жогорку сапатын камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, долбоорду ишке ашыруу транспорттук байланыштарды жакшыртып, учурдагы жол тармагына түшкөн жүктү азайтып, Чүй облусунун тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөрүн белгиледи.