Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча туризм тармагы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Анын айтымында, туризм тармагындагы кошумча дүң нарк 30,1 млрд сомдон ашты, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29%га көп.
"Туризм тармагындагы негизги капиталга инвестициянын көлөмү 2,7 эсеге өсүп, 11,3 миллиард сомду түздү. Салыштыруу үчүн: өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч болгону 4,2 миллиард сомду түзгөн. 2025-жылы Кыргызстандын туризм тармагы бир катар эл аралык рейтингдерде жана сыйлыктарда жогорку бааларга ээ болду: Кыргыз Республикасы абройлуу Financial Times журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 50 туристтик багыттын катарына кирген. Жайкы туристтик мезгил аяктады. Эми кышкы туристтик мезгилге даярдыкты баштоо керек”, – деди Адылбек Касымалиев.