Туристтик потенциалды ачууга өзгөчө көңүл бурулууда – Адылбек Касымалиев

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Ноябрь 2025 18:14
6912fa0ed49e8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Туристтик потенциалды ачууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 26-жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу башталды, анын ичинде Борбордук Азиядагы эң ирилеринин бири болгон “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластерин куруу бар. Ысык-Көл айланасындагы автомобиль жолдорун реконструкциялоо аяктап жатат, бул инвестициялар, мейманканаларды куруу жана туристтик кызматтарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

“Биз россиялык өнөктөштөрдү масштабдуу туристтик демилгелерге — туристтик комплекстерди куруудан баштап, медициналык жана башка кызматтарды өнүктүрүүгө чейин катышууга чакырабыз”, - деди ал.